Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Борбор Азия мамлекеттерине жасаган иш-сапарынын алкагында бүгүн Кыргызстанга келет. Өкмөттөн кабарлашкандай, ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар, инвестиция, коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшөт.
Синдзо Абэнин Борбор Азияга иш-сапары өткөн жумада башталган. Алгач ал Түркмөнстанга барып, андан ары Тажикстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жекшемби күнү Өзбекстанга келген.
Жапония - Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Кыргыз президенти жетектеген делегация 2013-жылы Токиодо болгон. (SE)