Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

"Алай" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду


Оштун "Алай" футболдук клубу Кыргызстандын 2015-жылдагы чемпиону болду. Аталган команда 25-октябрда өз талаасында Нарындын “Ала-Тоо” клубун кабыл алып, 3:2 эсебинде утту.

Өлкөнүн футбол лигасынын маалымат катчысы Базарбек Абдураимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, бул жеңиш Ош шаарынын командасына Топ лиганын оюндары бүтөрүнө бир тур калганда 47 упай менен атаандаштарынан алдыга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

“Алай” клубу 2013-жылы да Кыргызстандын чемпиону болгон.

Топ лигада 39 упай менен Бишкектин "Дордой" клубу экинчи тепкичте. Алдыда "Дордойдун" эки, "Алайдын" бир оюну бар болчу. Бул оюндардын жыйынтыктары аталган командалардын турнирдик таблицадагы ээлеген ордун өзгөртө албайт.

Коло байге үчүн Бишкектин "Алга" жана Канттын "Абдыш-Ата" клубу ат салышат. "Алга" клубунда 27, "Абдыш-Атада" 26 упай бар.

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку деп эсептелген Топ лигасында 2015-жылы чемпиондуктун оюндарына алты клуб катышты.

Нарындын "Ала-Тоо" клубу 10 упай менен бешинчи, Бишкектин "Кейджи Юнайтед" клубу алтынчы орунду ээлеп турат. Чемпиондуктун оюндары 31-октябрда аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG