Алмаз Кененбаев буга чейин шаардык кеңеште КСДП фракциясын жетектеп келген. Анын талапкерлиги үчүн добуш берүүгө катышкан 39 депутаттын 26сы добушун берди.
“Замандаш” фракциясынан чыккан экинчи талапкер Жамал Рысалиев 3 гана добуш алды. Бардыгына каршы 6 депутат добуш берген. Бишкек шаардык кеңешинде бардыгы болуп 45 депутат бар.
Анын мурунку төрагасы Марат Аманкулов КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке өткөн. (AzK)