Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашкандай, бүгүн 26-октябрда Ош облусунун “Төө-Моюн” чек ара заставасынын аймагында Өзбекстандын жараны кармалды. Жыйырма беш жаштагы жаран өткөрүү пунктунан сырт жердеги аймак аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Тийиштүү документтер толтурулган соң, колго түшкөн жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. (AzK)