Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Кыргызстанда кылмыштуулук көбөйдү


Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда кылмыштардын саны былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 102% түздү. Быйылкы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 22 311 кылмыш катталган. Алардын ичинен укук коргоо органдары 16 982 кылмыштын бетин ачышкан.

Кылмыштардын ичинен оор кылмыштар - адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча 224 факт катталып, анын 218нин бети ачылган. Мындан тышкары зордуктоо боюнча 236 кылмыш катталып, анын бардыгынын бети ачылган. Тогуз ай аралыгында издөөгө алынган кылмышкерлердин саны 6252 кишини түзүп, алардын 2385и кармалган.

Бүгүнкү күндө ИИМдин атайын оперативдик каттоосунда 641 кишиден турган 4 уюшкан кылмыш топтору турат. Алар Көлбаев, Батукаев, Абакиров жана Бокушевдин топтору болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG