Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Ооганстанда талибдер бир кызды таш бараңга алышты


Ооган бийлигинин өкүлдөрү Гор провинциясынын Фироз-Кох шаарында талибдер 19 жаштагы бир кызды таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн кабарлады. Жергиликтүү полициянын кызматкери Мухаммад Заман Азими "Азаттыктын" ооган кызматына Рохшана аттуу кыз бир күн мурда өлтүрүлгөнүн 26-октябрда билдирди. Анын 23 жаштагы Мухаммад Абдулла Гүл аттуу жигити да асып өлтүрүлгөн. Бул кыз-жигит үйлөнүп, чогуу жашоо үчүн үйлөрүнөн качып чыгышы мүмкүндүгү айтылууда.

Гор провинциясынын аялдар иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Масума Анвари аймактагы аялдар абалына тынчсыздануу билдирип, жергиликтүү бийликтин компетентсиздиги ушундай окуяларга жол берип жатканын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG