Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бишкекте диндин улуттук коопсуздукка тийгизген таасири талкууланат


Бишкек шаарында бүгүн укук коргоо органдарынын, бийликтин жана диний адистердин катышуусунда “Дин тутуу эркиндиги жана улуттук коопсуздук” деген темада форум өтөт. Аны “Перемена” инновациялык билим берүү борбору уюштурууда. Форумда дүйнөдө негизги маселе болуп турган радикализм жана экстремизм темасы менен өкмөттүн дин саясаты боюнча жүргүзүп жаткан иши талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун координатору Нурлан Орозбаев билдирди.

Кыргыз бийлиги өлкөгө радикализм маселеси коркунуч жарата баштаганын ачык айтууда. 12-октябрда Чүйдөгү абак кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен кылмышкерлердин да экстремисттик диний агымдар менен байланышы бар экени айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG