Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

ЕККУ Украинадагы шайлоого оң баасын берди


Украина -- Европарламенттин байкоочулар тобунун башчысы Андрей Пленкович маалымат жыйынында. Киев, 26-октябрь, 2015.
Украина -- Европарламенттин байкоочулар тобунун башчысы Андрей Пленкович маалымат жыйынында. Киев, 26-октябрь, 2015.

Украинада жекшембиде өткөн жергиликтүү шайлоого көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочу миссиясы шайлоо жалпысынан жакшы уюштурулуп, атаандаштык негизде өткөнүн, бирок шайлоо жараянын мындан ары да реформалоо зарылдыгы бар экенин белгиледи. Уюмдун билдиришинче, өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилер менен чатак беш миллиондон ашуун шайлоочунун добуш берүүсүнө тоскоолдук кылды.

Европарламент делегациясынын башчысы Андрей Пленкович шайлоо негизинен эл аралык талаптарга шайкеш өткөнүн билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгы 28-октябрда жарыяланары күтүлүүдө. Украин БШКсы жекшембиде өткөн жергиликтүү кеңештерди жана шаар башчыларын шайлоого катышуу 47 пайыздай болгонун кабарлады.

Шайлоо Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл жикчилер ээлеп алган райондору менен Москва аннексиялаган Крымдан башка аймактардын баарында өттү. Учурда добуштарды эсептөө уланууда.

XS
SM
MD
LG