Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Ооганстан менен Пакистанда зилзала курмандыктары улам өсүүдө


Дүйшөмбү күнкү жер силкинүүдөн улам Ооганстанда мүрт кеткендердин саны 60тан ашты. Коңшу Пакистанда болсо 150дөн көп киши жашоо менен кош айтышканы кабарланууда. Куткаруучулар набыт кеткендер дагы көбөйүшү ыктымалдыгын, дайынсыз кишилерди издөө уланып жатканын билдирди.

26-октябрда Түштүк Азия чөлкөмүндөгү жер силкинүүнүн очогу Ооганстандын борбору Кабулдан 250 чакырымдай аралыктагы тоолордо катталды. Зилзаланын күчү Борбор Азия мамлекеттеринде жана Индияда да сезилди. Бул Түштүк Азияда акыркы он жылдагы эң ири силкинүү катары бааланууда.

Ал арада АКШ, Иран жана башка мамлекеттер кырсыктан жапа чеккен аймактарга гуманитардык жардам жөнөтө баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG