Тараз шаарында бийликчил “Нур-Отан” партиясынын кеңсесинде өзүн өрттөгөн 20 жаштагы Ерлан Бектибаевдин сөөгү дүйшөмбү күнү жерге берилди. Маалыматтарга караганда, ал полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине нааразы болуп, 24-октябрда өзүнө от койгон. Өрттү жергиликтүү тургундар өчүрүп, аны ооруканага жеткиришкен. Бирок күйүктөн улам Ерлан Бектибаев бейтапканада жан берген.
Маркум жарандык активист катары бийликти сындап келгенин жергиликтүү булактар жазууда. (SE)