Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Зилзала Чоң-Алайдагы үйлөргө зыян келтирди


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-октябрь күнкү жер титирөө Оштун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында үйлөргө зыян келтиргенин, үйлөрдөн майда жарака кеткенин билдирди. Аталган айыл Тажикстан менен чектеш аймакта.

Жарандык коргонуу комиссиясы жаракаларды текшерип, жашоого коопсуз экенин маалымдашты. Тактоо иштери бүгүн да уланат.

Дүйшөмбү күнү Түштүк Азия чөлкөмүндө жер силкинип, 200дөн ашуун адам набыт болду. Алар Пакистан менен Ооганстандын тургундары. Зилзала күчү Борбор Азия мамлекеттеринде жана Индияда да байкалды. (SE)

XS
SM
MD
LG