Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды


УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, 21-октябрда контртеррористтик иш чаралардын негизинде Ош шаарында колго түшүрүлгөн 48 жаштагы жаран Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары анын эмиссарлары менен тыгыз байланышта болуп келгени, алардын тапшырмасы менен жарандарды азгырып, согуш болуп жаткан аймактарга жөнөтүп турганы аныкталды.

Тинтүү маалында анын үйүнөн курамы белгисиз химиялык зат табылып, токсикологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Кылмышка шектүү адам террордук уюмга жана жарандарды азгырууга тиешеси бар экенин моюнга алды. Мындан тышкары ууландыруучу химиялык затты даярдоо боюнча ал террордук уюмдардын чет элдеги борборунан көрсөтмө алганын билдирди. Тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG