Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Бишкекте "Тез жардам" кызматынын дарыгеринин сабалышы боюнча фактынын иликтенишин өз көзөмөлүнө аларын билдирди.
“Бул окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек. Чыр чыгарган тарап тийиштүү жазасын алсын. Биз мындай фактыларга карата катаал чараларды көрүүбүз зарыл”,-деди Ниязалиева.
26-октябрда "Тез жардам" кызматынын чакыруу болгон жерге барган дарыгерлери ур-токмокко кабылган. Ал жердеги адамдар дарыгерлерге оорулууга тийиштүү жардам берген жок деп нааразы болуп, жыйынтыгында чыр чыккан.
Медицина кызматкерлерине кол көтөргөн деп шектелген жаранды милиция ошол эле күнү кармаган. Ушул тапта тергөө жүрүп жатат. (AzK)