Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Түркия ИМ тобунун согушкери деп шектелген 30 адамды кармады


ИМ тобунун согушкерлери деп шектелгендерге каршы операция жүргүзүлгөн Конья шаары.
ИМ тобунун согушкерлери деп шектелгендерге каршы операция жүргүзүлгөн Конья шаары.

Алар түрк коопсуздук күчтөрүнүн Конья шаарындагы рейди учурунда бүгүн кармалды.

Мунун алдында кечээ өлкөнүн түштүк-чыгышында негизинен күрттөр жашаган Диярбакыр шаарындагы операция учурунда согушкер деп шектелген жети адам өлтүрүлүп, 12си кармалган. Бул рейд учурунда ошондой эле полициянын эки офицери да мерт болду.

Анкарада 10-октябрда жанкечти жасаган жардыруудан 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылгандан бери Түркия бийликтери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери деп шектелгендерге каршы операцияларын күчөттү.

Күрттөрдүн таламын талашкан уюмдар жана профсоюздар уюштурган жүрүш учурундагы бул теракт үчүн президент Эрдоган Сириянын чалгын кызматтарын жана күрт согушкерлерин айыптап, алар "Ислам мамлекети" тобу менен бирге иштешкенин айткан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG