Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Түштүк Азиядагы зилзаладан өлгөндөр саны 300дөн ашты


Пакистандагы кыйроо. 26-октябрь, 2015-жыл.
Пакистандагы кыйроо. 26-октябрь, 2015-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, кечээги жер силкинүүдөн өлгөндөр саны Пакистанда бүгүн кеминде 237ге жетип калды, мындан сырткары дагы 1500дөй адам жаракат алды. Коңшу Ооганстанда болсо кеминде 76 кишинин өмүрү кыйылып, 230тан ашууну жаракат алды.

Пакистанда куткаруучулардын жарандык жана аскерий топтору зилзаладан эң көп жабыр тарткан алыскы тоолуу жана жакыр аймактарга жетүүгө аракеттенүүдө. Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн. Ооган өкмөтүнүн эсебине караганда, өлкө боюнча 4000 миңдей турак үй талкаланды.

“Талибан” кыймылы өз тарабынан согушкерлерине зилзаладан жабыр тарткандарга толук жардам көргөзүү, куткаруучулар менен гуманитардык уюмдарга жол ачып берүүгө буйрук берилгенин билдирип чыкты.

Рихтер таякчасы менен күчү 7,5 баллга жеткен кечээги зилзаланын очогу Кабул шаарынан 250 чакырымдай түндүк-чыгышта болгон.

Зилзаланын очогу болгон Гиндукуш тоо кыркалары Евразиянын жана Индиянын тектоникалык плиталары кесилишкен жерден анчалык көп алыс эмес жайгашкан.

Азыркы очоктон бир нече жүз чакырым алыстыкта, 2005-жылдын октябрында күчү Рихтер таякчасы менен 7,6 баллга жеткен жер силкинүүсү катталып, анда 75 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG