Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынын билдиришинче, Кыргызстанда чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча 17 долбоорго 139 миллион сом каражат бөлүндү. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 14 ишканага банктар 74 миллион сом бөлүп беришти. Каражат алгандардын 10 ишканасы айыл чарба, 4 ишкана кайра иштетүү тармагы боюнча иш алпарышат.
Ушул күнгө чейин Айылбанк жана РСК банкы өлкөдөгү бизнесмендерден 2,7 миллиард сомго бааланган 191 арызды кабыл алышты.
2015-жылдын 2-сентябрында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести каржылоо программасын ишке ашыруу максатында аталган эки банк менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.
Бул программа боюнча ишкерлерге бизнес жүргүзүү үчүн жылдык 12 % жеңилдетилген кредиттерди 5 жылдык мөөнөт менен алууга мүмкүнчүлүк берилет.(AzK)