Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарына барып, жаңы салынган көпүрөнүн ачылышына катышат. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, ачылуу аземинин алкагында жашоочулар менен жолугуп, алардын суроолоруна да жооп берет.
Калаанын Навои көчөсүндөгү эстакада форматындагы көпүрөнүн курулушу мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматовдун тушунда башталган. Узундугу 265, туурасы 24 метр. Ага Орусия берген насыядан 560 миллион сом коротулду. (SE)