Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Евробиримдик жана Косово ассоциация келишимине кол коюшту


Келишимге кол коюу жөрөлгөсү. Страсбург, 27-октябрь, 2015-жыл.
Келишимге кол коюу жөрөлгөсү. Страсбург, 27-октябрь, 2015-жыл.

Узактан бери күтүлгөн келишим эки тараптын алака-катышын жакындатып, акыр аягында Косово Евробиримдиктин мүчөсү болушуна жол ачуусу керек.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана Косовонун премьер-министри Иса Мустафа “Стаблизация жана Ассоциация келишими” деп аталган документке бүгүн Страсбургда кол коюшту.

Бул келишим - Косово үчүн азыр 28 өлкө мүчө Евробиримдиктин мүчөлүгүнө карай узак жолдогу алгачкы кадам.

Ал үчүн талапкер өлкөлөрдөн башкаруу жана жарандык коомдун механизмдерин, мисалы адам укуктары, сот системасын биримдиктин стандарттарына шайкеш келтирүү талап кылынат.

1990-жылдары мурдагы Югославия чачырашынын артынан бир нече жылга созулган тирешүүлөрдөн кийин Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялаган. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG