Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Атамбаев Ош шаарындагы кошкабат көпүрө ачылышына катышууда


Бүгүн 28-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында болуп, эсткакадалык көпүрөнүн ачылышына катышууда.

Навои көчөсүндөгү кошкабат - эстакада көпүрөнүн курулушу 2013-жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар башчысы Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атап, көпүрө 2015-жылдын жазында ишке берилерин ырастаган. Бирок, эки-үч айдан кийин шаар башчы өзү кызматтан кетип, көпүрөгө байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Кийинки калаа башчы Айтмамат Кадырбаевдин учурунда көпүрө курулушу улантылган. Жумушту “Сафари” курулуш компаниясы аткарды. көпүрөнүн узундугу 265 метр, туурасы 24 метр. Курулуш 560 млн. сомго бүткөрүлдү. Көпүрөнүн ачылышы Ош шаар күнүн майрамдоого туш келди. (AzK)

XS
SM
MD
LG