Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Мадумаров: Кыргызстанда мыйзам талаасында өз укугуңду коргоо мүмкүн эмес


Мындай пикирин партия жетекчиси 28-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Мадумаров Жогорку соттун 27-октябрда чыгарган чечиминен улам Кыргызстанда мыйзам талаасында өз укугуңду коргоо мүмкүн эместигине көзү жеткенин айтты.

“Мурда мен башка мамлекеттерге күлкү болбой, маселени мыйзам талаасында сабырдуулук менен чечүү керек, деген позицияда жүргөм. Бирок Жогорку соттун кечээки чечими андай жол менен чындыкты таба албайсың, дегенди далилдеди. Мындан ары мен добуштарыбызды коргойбуз деген тарапташтарыма жана башкаларга өз укуктарын кандай жол менен коргойм десе дагы мен ага тыюу сала албастыгымды айттым”, -дейт Мадумаров.

Жогорку сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра саноо боюнча арызын четке каккан.

Буга чейин 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызын канааттандырып, БШКны добуштарды кайра санап чыгууга милдеттендирген. БШК бул чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы Ош, Өзгөн, Бишкек, Ноокат, Базар-Коргон, Жайыл жана Панфилов райондорундагы 100дөн ашык шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону талап кылган. БШК 10 шайлоо участкасында кайра саноо жүргүзүп, партиянын шектенүүсү негизсиз экенин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG