Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Сирияда каза болгон орус аскери жерге берилет


Орусиянын Краснодар аймагынан Сирияда келишимдик негизде иштеп жүрүп көз жумган 19 жаштагы Вадим Костенко бүгүн туулган айылы Гречаная Балкада жерге берилет. 27-октябрь күнү кечинде анын сөөгүн жүк ташуучу машине менен цинк табытка салып алып барып таштап кетишкен.

Вадим Костенконун өлүмү тууралуу алгач орусиялык Conflict Intelligence Team аттуу блогерлер тобу маалымдады. Алар 24-октябрда согуштук кагылышуудан мерт кетти десе, Орусиянын Коргоо министрлиги аскер сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип, өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүн деп иликтөө ишин ачты.

Аскердин жакындары Reuters агенттигине суицид деген версияга ишенбей жатышканын айтышты.

XS
SM
MD
LG