28-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Данияр Нарымбаевдин адвокаттары Хажимурат Коркмазов менен Назгүл Түлееванын 7-майга чейин эле тааныш болгон-болбогонун далилдөөчү материалдарды сотко алып келүүнү өтүнүштү. Сот өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумга чейин бул эки адамдын сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнүн далилдөө үчүн Кыргызтелеком жана Альфателекомго суроо-талап жөнөтмөй болду.
Сотто Коркмазов менен Түлеева 7-майга чейин бири-бирин тааныбай, ошол күнү алгачкы ирет жолугуп, 50 миң доллар Данияр Нарымбаевге берилгени айтылган. Нарымбаевдин адвокаттары аларды мурда эле тааныш болуп, Нарымбаевге карата кутум уюштурган, деп шектенип жатышат. Адвокаттардын өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочу каршы эместигин билдирип, баары бир бул материалдар сот жараянына таасирин тийгизе албастыгын белгиледи.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлкүн камактан чыгаруу үчүн анын кызы Назгүл Түлеевадан пара алуу фактысы боюнча быйыл июль айында камакка алынган. (AzK/KE)