Жогорку Кеңештен кабарлашкандай, "атамекенчилер" жалаң эле кол тийбестиктен баш тартышпастан, парламент депутаттарынын жакын туугандары жогорку кызматтарга дайындалбашы керектигин билдирип, башка депутаттарды дагы кызматтык унаалардан баш тартууга чакырышты.
Буга чейин КСДП фракциясы кызматтык унаа, депутаттык кол тийбестиктен баш тартып, депутатка бир гана жардамчы калтыруу чечимине келишкен. Парламент шайлоонун алдында жарандык коом болочок депутаттарды Жогорку Кеңешке келген соң депутаттык артыкчылыктардан баш тартууга чакырган. Айрым партиялар бул демилгени колдоп, ишеним декларациясына кол коюшкан. (AzK)