Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Орусия Сирия боюнча Батыштагы "антиорусчул" маанайга нааразы


Орусия дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында Сириядагы чабуулдарынан жайкын тургундар жок кылынууда, деген кинелерди далилдеп берүүнү талап кылууда.

Орусия Коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов Батыш өлкөлөрү, Түркия, Сауд Арабия жана НАТОдон жалпыга маалымдоо каражаттарында акыркы мезгилде көп чыгып жаткан орус аба чабуулдары оорукана, мектеп сыяктуу социалдык обьекттерге багытталып жатат деген маалыматтардын чын-бышыгын далилдеп берүүнү талап кылды.

-Бизди бийликке каршы чыккандарды эле бутага албай, мечит, оорукана, мектеп сыяктуу коомдук жайларды да талкалап жатат дешүүдө. Батыш медиасы согушкер эмес жайкын тургундар да өлүп жатканын маалымдап, дүйнөдө “антиорусиялык” айыңды таркатууда. АКШ, Британия, Франция, Германия, Италия, Саудия, Түркия жана НАТОдон бул кабарлар боюнча расмий далил бергиле деп талап кылабыз. Болбосо аны төгүндөшсүн. Мындай жалаа жабуулар айрыкча англис тилдүү басылмаларда көп таркап жатат. Эгерде далил келтире алышпаса, буларды биз Орусияга каршы маалыматтык согуш деп кабылдайбыз”, - деди Антонов.

23-октябрда Лондондогу адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы Орусиянын бомбалоосу башталгандан бери 446 адам каза болуп, алардын төрттөн үчү жөнжай тургундар экенин ырастаганын Daily Mail маалымдаган.

Сирияда бир канча бейтапкана иштетип жаткан Сирия-АКШ медициналык коому 22-октябрь күнү Орусиянын аба соккусунан оорукана талкаланганын кабарлаган.

Орусия аба соккуларын 30-сентябрда президент Башар Асадды колдоо максатында баштаган.

XS
SM
MD
LG