Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Австрия качкындардын агымын токтотуучу тосмолорду курат


Австрия-Словения чек арасында турган качкын бала. 27-октябрь, 2015-жыл
Австрия-Словения чек арасында турган качкын бала. 27-октябрь, 2015-жыл

Австрия коңшу Словениядан өз аймагына кирген качкындардын агымын тосуу үчүн чек арасына “техникалык тосмолорду” курмай болду.

Өлкөнүн Ички иштер министри Йоханна Майкл Лейтнер бүгүн парламентте тосмолорду куруу алдыдагы 10 күндүн ичинде башталарын айтты. Ал ошондой эле Австриянын курчаган дубал салуу планда жок экенин билдирди.

Словения да чек ара тосмолорун курууга даярданууда. Премьер-министр Миро Церар коопсуздук кеңешинде керек болсо мындай тоскучтарды азыр эле орнотуп койо алабыз деди.

Мурдарак расмий Вена чек ара тосмолорун кургандарды катуу сындап келген. Ошентсе да мигранттардын агымын жөнгөрүүдө Австрия бир катар кыйынчылыктарды тартууда. Мунун себебин министр Майкл Лейтнер Германиянын абдан аз санда мигрант киргизип жатканы менен түшүндүрдү.

Ушул жылы 700 миңден ашуун Сирия, Ооганстан жана Африка качкындары согуш, жакырчылыктан улам баш паанек издеп, Европага агылууда.

XS
SM
MD
LG