Мамлекеттик каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды. Ал 28-октябрда Бишкекте колго түшкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.
Сатыбалдиев департаментти башкарып турган учурда миңдеген жарандарга жасалма паспорт берүүгө жол ачкан деп, милиция кылмыш ишин козгогон. Ага быйыл 25-августта эл аралык издөө жарыяланган.
2010-жылдан бери департаментти башкарып келген Дүйшөн Сатыбалдиев “Ата Мекен” партиясынын катарында шайлоого аттанып, 20-августта кызматтан кеткен эле. (SE)