Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ИМ тобу 2014-жылдан бери 13 журналистти тындым кылды


Чек арасыз кабарчылар уюму 2014-жылдын июнь айынан баштап, Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын басып алгандан бери кеминде 13 журналистти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өлтүргөнүн кабарлады.

Ирактагы журналисттердин эркиндиги обсерваториясы жаңы изилдөө жүргүзүп, Мосулда акыркы 16 айдын ичинде 48 ЖМК өкүлүнүн онун согушкерлер барымтага алганын аныктаган. Бул шаарды “журналисттердин өлүм тузагы” деп атоо менен эл аралык медианын 60 өкүлү калаадан чыгып кеткени маалымдалды. Ал эми кетпей калгандары өмүрүнөн айрылган.

ИМ тобу шаардагы жергиликтүү теле жана радио станцияларды басып алган жана маалымат таркатуу толугу менен токтогон.

XS
SM
MD
LG