Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Чек арада аткезчилик кылган кыргызстандык жаран кармалды


Чек ара кызматынын билдиришинче, 28-октябрда Баткен чек ара отряды “Дөбө” өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 1 миллион сомдон ашык баадагы жүктү алып бараткан кыргызстандык жаранды кармашты.

Кармалган жаран Тажикстандан Кыргызстанга «Shacman» жүк ташуучу унаа менен өтүп бараткан. Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги 18 тонналык курулуш материалына уруксат документи жок экендиги аныкталган. Тийиштүү документтер толтурулган соң ал Бажы кызматына өткөрүлүп берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG