Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Ошто таштандыга акы төлөбөгөндөр арбыды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ош-Тазалык” ишканасынан кабарлашты. Жыл башынан бери акыр-чикирге акча бербеген адам 201 миңден ашкан. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 36 миң адамга көп.

Абоненттер бүгүнкү күнгө карата ишканага жалпы 53 миллион 649 миң сом карыз.

Таштанды акысын төлөбөгөн тургундарга “Ош-Тазалык” ишканасы алгач эскертүү катын жөнөтөт. Карыз миң сомдон ашкандан кийин мекеме карыз маселесин сот аркылуу чечет. Учурда тазалыктын кызматкерлери 500дөн ашуун шаар туругун менен соттошууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG