Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

ЭЛТРдин жетекчиси алмашты


ЭЛТРдин директорунун милдетин аткаруучу болуп Айбек Мусаев дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев кол койду.

Мусаев буга чейин директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Ал эми кызматтан алынган Максуда Айтиева “Азаттыкка” прокуратуранын көрсөтмөсүнүн негизинде өкмөттүн токтому менен 7-октябрда жумуштан убактылуу четтетилгенин билдирди.

“Силер билесиңер жумуш ордунан бошотулган мурунку орун басар Бейшенбек Бекешовдун арызы менен биз өткөргөн бир тендер боюнча прокуратура иш козгоп, ал сотко өткөн. Азыр сот жүрүп жатат. Ал эми 26-октябрда мени кызматтан алуу боюнча өкмөттүн буйругу чыкты. Анын себеби мага түшүндүрүлгөн жок”,-деди Айтиева.

Көзөмөл органы телерадиокомпаниянын жетекчилиги санарип жабдуу сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берген деп, июнь айында кылмыш ишин козгогон. Прокуратура келтирген жүйө боюнча, тендерде "Овен" деген фирма жеңүүчү деп табылып, мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бирок Максуда Айтиева каналдын сапатын жакшыртуу максатында сатып алынган техника ордунда экенин, иштеп жатканын жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеп келет.(AzK)

XS
SM
MD
LG