Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде маданият тармагынын ишмерлерине Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык тапшырылды.
Бул жолу адабий сыйлык акын Бактыгүл Сейитбековага, жаш акындар Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков, ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева менен композитор Астар Тыналиевге ыйгарылды.
Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык Кыргыз жазуучулар союзу тарабынан 1980-жылы негизделген. Аталган сыйлыктын алгачкы лауреаттары кыргыз эл акындары Рамис Рыскулов, Байдылда Сарногоев болушкан. (ZA)