Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Дүйнөлүк базарда мунай баасы өскөнү байкалды


АКШда өндүрүлгөн мунай баасы шаршемби күнү 6 пайыздан ашуун көтөрүлүп, бир баррелдин баасы 45 доллар 94 центке жетти. Бул соңку эки айдан бери күнүмдүк соодадагы эң жогорку өсүү болду. Брент үлгүсүндөгү мунай болсо беш пайызга жакын кымбаттады.

Wall Street Journal бул өсүүгө буга АКШ мындан кырк жыл мурда Мексикага мунай сатууга салган тыюу жарым-жартылай алынганы тууралуу кабар жана АКШдагы сактоочу жайларда бензин менен дизелдик отундун кору белгиленгенден көп кыскарганы тууралуу маалыматтар себеп болгонун жазды. Муну менен америкалык мунайга суроо-талап өсөрү болжолдонуп жатат.

Бирок аналитиктер бул дүйнөлүк базарга көп деле таасир этпесин айтып, кайра артка кетүүлөр коштогон мындай өсүүлөр бул жылы көп эле болгонун эске салууда.

АКШ чыгарган мунайдын баасы быйыл жайында акыркы алты жылдагы эң төмөнкү чекке жетип, Нью-Йорктогу биржада бир баррели 43 долларга чейин түшкөн. Эксперттер мунун себебин мунай өндүрүүчүлөр көбөйгөнү менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG