Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Сахаров сыйлыгы саудиялык блогерге ыйгарылды


Раиф Бадави
Раиф Бадави

Интернеттеги ой-пикири үчүн камалган саудиялык блогер Раиф Бадави Европарламенттин Сахаров атындагы сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүсү болду. 31 жаштагы Бадави Сауд Арабиянын диний саясатын сындаганы жана интернетте исламды шылдыңдаганы үчүн айыпталып, он жылга абакка кесилген. Ошондой эле ага миң балак уруу өкүм кылынган. Бадавиге алгачкы элүү балак январь айында көпчүлүктүн көз алдында урулган.

Кийинки балак алуулар ден соолугуна жана эл аралык коомчулуктун нааразылыгына байланыштуу бир канча жолу токтотулган.

Аны аталган сыйлыкка көрсөткөндөрдүн бири, Европарламенттин өкүлү Тамас Мешерикс Сауд Арабияда адамдар эркин ой пикир айтканы үчүн кыйноого кабылып жатканда Европа унчукпай тура албасын билдирди.

Советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү үчүн” сыйлыгы Европа парламенти тарабынан 1988-жылдан бери жыл сайын ыйгарылат. Адам укуктары жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн жеңүүчүгө 50 миң евро берилет.

XS
SM
MD
LG