Кытайдын Коммунисттик партиясы бейшембиде "Бир үй-бүлө - бир бала" саясатын токтотконун жарыялады. Мындан ары эми өлкөдө ар бир үй-бүлө эки балалуу болууга уруксат. Кытайдагы "бир бала" саясаты жоюлганын бүгүн мамлекеттик "Синьхуа" агенттиги жазып чыкты.
2013-жылы да Кытай өкмөтү бул саясатын бир аз жеңилдетип, миллиондогон үй-бүлөгө эки балалуу болууга мүмкүндүк берген. 1978-жылы башталган "Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты менен Кытай бийлиги калктын тез көбөйүүсүн басаңдатууну көздөгөн. Бирок бул саясат өлкөдө гендердик дисбаланска алып келип, эркектердин саны көбөйгөн. Анткени түйүлдүк кыз экенин билген түгөйлөрдөн көбү бойдон алдырууну чечип, уулдуу болууну самагандар өскөн.
Кытай калкы эң көп жана жыш жайгашкан дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. Азыр өлкө калкы бир миллиард 370 миллионго жетти.