Адистер кыргыз-тажик чек арасында жерлерди алмаштыруу иштерин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринен түзүлгөн топ Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында алмашууга сунушталган аймактарды тасмага түшүрүү, өлчөө иштерин жүргүзүүдө. Жакын арада корутунду даярдалып, эки тараптуу комиссияга берилет.
Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Кыргызстан менен Тажикстан 12 гектар жерди бири-бирине берерин, алмашуу шахмат өңдүү жайгашкан аймактарда жүрөрүн белгилеген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган. (JsA)