Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Медиа эксперттер журналисттердин этикасына тынчсызданууда


Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы Кыргызстандагы журналисттер соңку учурда кесиптик этиканы сактабай жатканын белгилеп, тынчсыздануусун билдирди.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, абактан качкан кылмышкерлерди кармоо операцияларын чагылдыруу учурунда бул даана байкалды. Атып өлтүрүлгөн кишилердин канжалаган сүрөттөрүн эфирден көрсөтүп, басылмаларда жарыялоо журналисттик этиканын нормаларын бузган. Андан сырткары, соңку кездери унаа кырсыгына кабылып, мүрт кеткендердин сүрөтүн көрсөтүү күч алганы айтылууда.

Кыргыз журналисттеринин этикалык кодексине ылайык, канга боёлгон кишилердин сүрөтү сыяктуу адамга терс маанай берген көрүнүштөрдү жайылтуу кесиптик нормага дал келбейт. Андай учурларды сөз менен жеткирүү керек.

Журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. (SE)

XS
SM
MD
LG