Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Орусияда пионердик кыймыл башка ат менен кайра түзүлдү


Советтик пионерлер.
Советтик пионерлер.

Орусия президенти Владимир Путин жеткинчек-өспүрүмдөрдүн "Орусиялык окуучулардын кыймылы" деп аталган уюмун түзүү боюнча жардыкка кол койду. Жардыкта уюм өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мамлекеттик саясатты жайылтууну жакшыртуу максатында түзүлгөнү айтылат. Ага ылайык, 2016-жылдын март айынын аягына чейин өкмөт бул уюмга берилчү мамлекеттик мүлктүн тизмесин аныкташ керек.

СССР кыйраганга чейин Орусия менен социалисттик лагердеги башка өлкөлөрдө пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өтчү.

КГБнын мурдагы кызматкери Путин Орусияны башкарган акыркы 15 жылда мурдагы советтик символдордун бир тобун калыбына келтирди.

XS
SM
MD
LG