Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Молдова парламенти өкмөттү кетирди


Молдова -- Премьер-министр Валерий Стрелец парламентте, 29-октябрь, 2015.
Молдова -- Премьер-министр Валерий Стрелец парламентте, 29-октябрь, 2015.

Молдова парламенти бейшембиде өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карап, аны 101 депутаттын 65и колдоду. Ишеним көрсөтпөө маселеси парламенттеги европачыл көпчүлүк коалициянын лидери, Демократиялык партиянын мүчөсү Мариан Лупу бул маселеде социалисттер менен коммунисттердин позициясын бөлүшөрүн билдиргенден кийин кароого коюлду. Лупу ошол эле учурда алардын катышуусунда жаңы коалиция түзүүгө ниеттенбесин айтты.

Добуш берүү алдында парламент алдында социалисттердин тарапкерлери өкмөттү кетирүү талабы менен митингге чыкты. Кишиневдун борбордук бөлүгүндө болсо түрдүү оппозициялык күчтөрдүн жүздөгөн тарапкерлери кезексиз шайлоо жарыялоо талабы менен "чатыр шаарчада" отурганына экинчи ай аяк басты.

Былтыр күздө Молдованын банктарынан бир миллиард доллар жоголуп, бирок бул көз бойомочулук боюнча эч чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгондор президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып чыгышкан. Демонстранттар ошол талаптарынан кайта элек.

Башкаруучу коалициядагы ажырым мурдагы премьер-министр Влад Филат 15-октябрда коррупциялык ишке шектелип камалган соң чыкты. Ал күнү парламент Филатты депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан.

Өлкө банктарынан уурдалды делген 1 миллиард долларга жакын акчага катышы бар деп шектелип жаткан Влад Филат Либерал-демократтык партиянын лидери жана Молдова парламентиндеги европачыл коалициянын да төрагасы эле.

XS
SM
MD
LG