АКШнын Ирак баш калаасындагы эл аралык аэропортто жайгашкан “Кэмп Либерти” деп аталган мурдагы аскер базасына ракеталык сокку урулду. Бейшемби күнү кечинде база аймагына кеминде 15 ракета атылганын жергиликтүү булактар кабарлады. Учурда ал жерде “Иран элинин жихадчылары” оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү бар экени айтылат.
Аткылоодо курман болгондор тууралуу так маалыматтар жок.
Кол салууга эч ким жоопкерчиликти ала элек. (SE)