Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Башкы прокуратура: Хоменюк мамлекетке 171 миллион доллар зыян келтирген


Бул туурасында “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев билдирди. Анын айтуусунда, «Центерра Голд Инк» компаниясынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюкту издөө токтотулбайт. Башкы прокуратура аны кайрадан Интерполдун кызыл тизмесине киргизүү аракетине киришет. Бул үчүн тийиштүү документтер камдалууда.

29-октябрда Хоменюк Интерпол издөөгө алынгандардын тизмесинен чыгарылгандыгы кабарланган. Хоменюк 2015-жылдын август айында Болгарияда кармалып, эки ай камакта жатып, Кыргызстан аны өткөрүп алалбай калган соң бошотулган.

Хоменюк Болгариядагы абактан чыккандан кийин АКШга кеткен. Ал өзүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан издөөгө алынгандардын тизмесине киргизилишин мыйзамсыз деп эсептерин билдирип, бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылганы жатканын ырастаган.

"Центерраны" 2008-жылга чейин жетектеген Хоменюк аталган компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн коррупциялык жол менен азайткан деп айыпталган. (AzK/UEz)

XS
SM
MD
LG