Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары кызматташууну талкуулашты


Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Дүйшөмбү шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышууда. Иш сапар учурунда Сариев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту. Расулзода Сариевди парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ал өз сөзүндө дүйнө коомчулугу экономикалык кризисти баштан кечирип жатканын белгилеп, буга карабастан эки өлкө ортосундагы экономикалык тармакта кызматташуу өнүгө берерин белгиледи.

Темир Сариев өз кезегинде мамлекеттик органдар ортосундагы байланышты күчөтүү зарылдыгын айтып, эки өлкөнүн алака-катышын, товар алмашуунун деңгээлин көтөрүү керектигине токтолду.

Өкмөт башчылардын бул жыйынында экономикалык кызматташтык, коопсуздук сыяктуу 30га жакын маселе каралмакчы.

Премьерлердин жыйыны жыл сайын КМШга мүчө өлкөлөрдө кезеги менен өткөрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG