Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

“ИМ” тобуна кошулуп кеткен германиялык реп ырчысы набыт болду


Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп үгүт иштерине активдүү катышып жүргөн германиялык реп ырчысы АКШнын 29-октябрдагы аба соккусунан мерт болду.

Берлинде төрөлгөн Бенис Касперт эстрада дүйнөсүндө “Десо Догг” деген ат менен таанымал эле. Бирок 2012-жылы “ИМ” согушкерлерине кошулуп кетип, 16-октябрда жанындагы эки шериги менен кошо курман болгону аныкталды.

2014-жылдын ноябрында тартылган видеолордо Касперт “ИМ” тобу өлтүргөн бирөөнүн башын кармап турганы чагылдырылган. АКШ өкмөтү аны быйыл февралда террорчулардын тизмесине кошкон.

“ИМ” тобу музыкага тыюу салганы менен, ырдагандарга уруксат берген. Айрым видеолорун атактуу ырлар коштогон учурлар да кездешет.

XS
SM
MD
LG