Орусиянын Хабаровск крайындагы Корфовский кыштагындагы 3 кабат үйдүн чатыры жарылып, беш адам мерт кетти. Алардын арасында эмчектеги наристе да болгон. 3 киши жаракат алып, ооруканада. Жаралуулардын бирөөсү эки жашар кыз, анын абалы оор болууда. Урандылардын алдынан дагы бир киши изделүүдө. Бул тууралуу Хабаровск бийлигинин өкүлү Анатолий Литвинчук маалымдады.
Анын айтуусунда, турак үйдү бирөөлөр жардырышы да мүмкүн. Себеби ал жарылуудан улам талкаланган. Бул үйдүн тургундары аңчылык же балык уулоо үчүн жарылуучу заттарды чатырда сактаган болушу мүмкүн дейт Литвинчук.
Куткаруу иштери уланууда, анда 400дөн ашуун адам катышып жатат. “Этиятсыздыктан улам адам өлүмүн шарттоо” беренеси менен кылмыш иши ачылды. Хабаровск край бийлиги мерт болгондордун жакындарына 500 миң рублдан бермей болду.