Грециянын Калимнос аралынын куткаруучу кызматы 30-октябрдын таңында деңизди кайык менен сүзүп өтүүгө аракет кылган 138 качкынды куткарып, 19 адамдын сөөгү табылганын кабарлады. Бул ушул аптадагы экинчи кандуу окуя.
Түркиядан Грекияга барууну көздөгөн миңдеген мигранттар үчүн Эгей деңизи башкы өтмөктөрдүн бири. Ушул эле күнү Родос аралына чукул деңизде 2 киши жана 1 наристе сууга чөгүп мерт болду. 6 адам куткарылып, дагы үчөөнү издөө иштери жүрүп жатат.
28-октябрдын түнүндө Лесбос аралына жакын деңизде 274 мигрантты алып өтүп бара жаткан жыгач кайык талкаланып, 16 адам набыт болгон. Грекия качкындар кризиси башталгандан бери 500 миң мигранттын өтмөк өлкөсүнө айланган. Миңдеген сириялык жана ооганстандык атуулдар Түркия аркылуу Грекияга өтүп бара жатып деңизге чөгүп кетүүдө.