Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети бүгүн кечки саат алтыда убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Жарандардын, унаалардын жана жүктүн өтүшүнө уруксат берилбейт.
Мындай чектөө 2003-жылдан бери эки тараптын макулдугу менен суук түшүп, кар жаай башташына байланыштуу жазга чейин киргизилип келатат.
"Каркыра" бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 көзөмөл-өткөрүү пункту бар, алардын төртөө 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жабылгандан бери ачыла элек.
Чүйдө "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Токмок", "Кең-Булуң", Таласта "Чоң-Капка", Ысык-Көл облусунда "Каркыра" унаа бекеттери жана Чүйдө "Кайыңды" темир жол бекети бар.
"Каркыра" кышкы сезонго байланыштуу май-октябрь айларында гана иштейт.
Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан да толук укуктуу мүчө болуусуна байланыштуу быйыл август айында кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынып салынган. (RK)