Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Бишкекте Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түштөн кийин өтө турган жолугушууга кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри катышат.

Керри Бишкекке бир нече мүнөт мурда учуп келди. Аны "Манас" аэропортунан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев тосуп алды.

Эки тараптуу жолугушууга чейин мамкатчы АКШ элчилигинин жана Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имараттарынын ачылышына катышат.

Кошмо Штаттардын башкы дипломатынын Бишкектеги сапары бүгүн кечинде жыйынтыкталып, ал Өзбекстанга жөнөп кетет. Керри Борбор Азия республикаларын биринчи жолу кыдырууда. Кыргызстандан кийин ал Самарканд, Астана, Дүйшөмбү жана Ашхабад шаарларына барат. (RK)

XS
SM
MD
LG