Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды бузууну каалаган күчтөр бар. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз милициясынын күнү менен куттуктоосунда айтылат.
Мамлекет башчы ички иштер органдарын милдетин так, адилет аткарууга, коомдук коопсуздукту сактоого болгон аракетин жумшоого чакырды.
Бүгүн кыргыз милициясынын 91 жылдыгы белгиленип жатат. Ички иштер министрлигиндеги майрамдык жыйынга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышууда. Анда кыргыз милициясынын алгачкы генералы Эргеш Алиевдин 110 жылдыгына байланыштуу эскерүү болду. (EBM)