Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Кыргызстанда башкаруучу коалиция боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. "Республика Ата-Журт" фракциясынан бүгүн кабарлашкандай, КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууда коалицияга кирүү шарттары айтылды.

Аталган фракция парламенттеги комитеттердин санын 14төн 7ге чейин кыскартууну, эки гана вице-спикер калтырып, аларды оппозициядан тандоону, өкмөттө да эки вице-премьерди калтырууну сунуштады. "Эгер көпчүлүк коалиция биздин партиянын программасын негиз катары алууга макул болсо, биз коалицияга кирүүгө даярбыз", - деди лидери Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы ишин ушул аптада баштады. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ага 14 партиянын алтоо өттү.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевден коалиция куроо мандатын алган Чыныбай Турсунбеков "Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаев менен сүйлөшүү жүргүзгөнү, ошондой эле "Ата Мекен" менен жолугушуудан кийин бул фракция коалицияга кирүү сунушуна макул болгону расмий кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG