Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Грециянын жээкке жакын аймагында 22 мигрант чөгүп кетти, алардын 13ү балдар


Эгей деңизинде, Грециянын жээкке жакын аймагында өткөн түнү 22 мигрант чөгүп набыт болду, алардын 13ү балдар. Жээктеги күзөт кызматынын маалыматына караганда, бир кайык Калимнос аралынын, экинчиси Родос аралынын жээгинен оодарылып кетти.

144 адамды сактап калышты.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Европа Биримдигин качкындар кризисин жөнгө сала албай жатканы үчүн айыптады.

Быйыл Жакынкы Чыгыштан Европага өтүүгө аракет жасап Грецияга кирип барган качкындардын жана мигранттардын саны 570 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG