Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Абдылдаев: Элчиликтин жаңы имараты АКШ-Кыргызстан мамилесине ийгилик алып келсин


Бүгүн Бишкекте АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына кыргыз тараптан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев катышты. Ал өз сөзүндө "жаңы заманбап имаратта иштөө элчиликтин кызматкерлеринин ишинде жаңы ыңгайлуу шарттарды гана түзбөстөн, биздин өлкөлөр ортосунда достук, өз ара пайдалуу жана тең укуктуулук мамилелерди курууда да жаңы ийгиликтерди кошо ала келерине тилектешмин" деди.

Кыргызстандын башкы дипломаты АКШ 1992-жылы Борбор Азияда биринчи Кыргызстанда өз элчилигин ачканын баса белгилеп, "ошондон бери эки өлкө ортосунда түз байланыштар бекемделип, ар бир кадам сайын мамиле куруу, андан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жана элдерине зор мүмкүнчүлүктөр ачылууда" деп кошумчалады.

1991-жылы Кыргызстан эгемен өлкө аталгандан 4 ай өтпөй АКШ дипломатиялык мамилесин орноткон. (RK)

XS
SM
MD
LG